Улуу Британиянын 2026-жылкы жапайы жаратылышынын сүрөттөрү сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Улуу Британияда жыл сайын өткөрүлүүчү British Wildlife Photography Awards-2026 сынагында жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка быйыл 12 миңден ашуун сүрөт келип түшүп, британиялык жапайы жаныбарлар жана табияттын кооздугу көрсөтүлдү. Катышуучулар жапайы жаратылыштын ар кандай көрүнүштөрүнө арналган 11 номинация боюнча ат салышты.
Сынактын башкы сыйлыгы болгон "Жылдын британиялык жапайы жаратылыш фотографы" наамын фотограф Пол Хобсон жеңип алды. Ал Шеффилддеги көлмөнүн түбүнөн тарткан сүрөтүндө суунун бетинде сүзүп бараткан баканы чагылдырган. Өзгөчө ракурс кадимки жаныбарды таптакыр башкача көз карашта көрсөтүп, сюрреалисттик эффект жараткан. Анын бул сүрөтү "Кара жана ак" номинациясында да биринчи орунду ээледи.
Ошондой эле башка номинациялар боюнча да жеңүүчүлөр аныкталды:
- "Жаш британиялык фотограф" номинациясынын жеңүүчүсү - Бен Лукас;
- "Жаныбарлардын портрети" номинациясынын жеңүүчүсү -Аластейр Марш;
- "Британиянын ботаникасы" номинациясынын жеңүүчүсү - Барри Уэбб;
- "Жээк жана деңиз" номинациясынын жеңүүчүсү - Джеймс Лайнотт;
- "Жашоо чөйрөсү" номинациясынын жеңүүчүсү - Марк Хамфри;
- "Жашыруун Британия" номинациясынын жеңүүчүсү - Джулиан Террерос-Мартин;
- "Шаардагы жапайы жаратылыш" номинациясынын жеңүүчүсү - Саймон Уитиман;
- "11 жашка чейинки жаш фотограф" номинациясынын жеңүүчүсү - Джейми Смарт;
- "12-14 жаштагы жаш фотограф" номинациясынын жеңүүчүсү - Джек Крокфорд аныкталды.
Сынактын жетекчиси Уилл Николлс белгилегендей, быйылкы сүрөттөр Британиянын жапайы жаратылышынын кереметин жана ар түрдүүлүгүн мыкты чагылдырган.
Мындан тышкары, British Wildlife Photography Awards-2027 сынагына эмгектерди кабыл алуу башталды. Фотографтар Улуу Британиянын жаратылышындагы эң кызыктуу учурларды сүрөткө тартып, кийинки жылы боло турган сынакка катыша алышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















