АКШ, Орусия жана Украина сүйлөшүүсүнүн мөөнөтү жылдырылды
АКШ, Орусия жана Украина ортосундагы кезектеги сүйлөшүүлөр Вашингтондун демилгеси менен Ирандын айланасындагы кырдаалга байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Украинанын лидери Владимир Зеленский өзүнүн Telegram каналына жазган.
"Өнөктөштөрдүн негизги көңүлү азыр Ирандын айланасындагы кырдаалга бурулуп турат. Ошондуктан ушул жумага пландалган жолугушуу америкалык тараптын сунушу менен кийинкиге калтырылды",- деген Зеленский.
Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары үч тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы 11-мартта Түркияда өтүшү мүмкүн экенин жазышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:51
2026-03-11
17:15
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















