Австралия БАЭге ракеталарды жана чалгындоо учактарды берет
Австралия Перс булуңунун үстүндөгү аба мейкиндигин коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына чалгындоо учактарын жана ракеталарды жөнөтөт. Бул тууралуу Австралиянын премьер-министри Энтони Элбаниз басма сөз жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Жакынкы Чыгыштагы Ирандын жаңжалы бир жумадан бир аз мурун башталып, Ирандын жооп кайтаруу чабуулдары күчөп, мурда болуп көрбөгөндөй масштабга жетүүдө. Кипрден Перс булуңуна чейинки аймактагы он эки өлкөгө чабуулдар уланууда",- деген ал.
Элбаниз Жакынкы Чыгышта 115 миң австралиялык, анын 24 миңи БАЭде жашай турганын белгилеген.
"Бул деген австралиялыктарга жардам берүү, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарына жана башка Перс булуңу өлкөлөрүнө себепсиз кол салуулардан коргонууга жардам берүүнү билдирет",- деп кошумчалаган ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















