Трампты кеңешчилери Ирандагы операцияны токтотууга чакырышкан
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, АКШнын президенти Дональд Трамптын айрым кеңешчилери ага Вашингтондун Ирандагы операцияга катышуусун токтотуунун жолун табуу зарылдыгы жөнүндө айтышкан.
"Анын айрым кеңешчилери мунай бааларынын өсүшү жана узакка созулган чыр-чатак саясий карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулардын шартында андан чыгуу планын табууга жекече үндөштү",- деп жазылат макалада.
Басылманын булактарынын биринин айтымында, бирок Америка президенти канааттандырарлык жеңишке жеткенин жарыялаганга чейин согуштук аракеттерди токтотууну көздөбөйт.
Андан тышкары, булактар басылмага билдиргендей, Трамп кээде АКШ менен Израилдин уланып жаткан аскердик өнөктүгүнө карабастан, Тегеран багынып бербей жатканына таң калганын билдирген.
Буга чейин Трамп Иранга каршы АКШ менен Израилдин операциясы жакында аяктай турганын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















