Перс булуңундагы өлкөлөр түн ичинде Ирандын дрондорун жана ракеталарын атып түшүрүштү
Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Бахрейндин аскерлери түн ичинде Ирандан учурулган бир нече дрондорду жана ракеталарды атып түшүрүштү. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы кабарлады.
Маалыматка караганда, БАЭнин абадан коргонуу системдери дрондорду жана ракеталарды атуу үчүн дагы деле иштеп жатат. Кувейтте кеминде 6 дрон атып түшүрүлгөн. Сауд Арабиясы менен Бахрейндин бийликтери дагы бир нече дрондорду атышканын билдиришкен.
Ошол эле учурда, Бахрейнде ракета турак жай имаратына тийип, бир аял каза болгону айтылды. Бахрейндин Bapco мунай иштетүүчү комплексине, ал эми Сауд Арабиясынын Шайба мунай жана газ кенине сокку урулган.
Al Jazeera акыркы 24 сааттын ичинде бул өлкөлөргө жасалган соккулардын көпчүлүгү энергетикалык инфраструктурага багытталганын белгилейт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















