Өлкөдө "Бала ырысы" жөлөк пулун ала турган наристелердин саны айтылды
Өлкөдө ушул жылдын 1-июнунан тарта 450 миңге жакын наристе "Бала ырысы" жөлөк пулун ала баштайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов "Биринчи радиого" маек бергенде билдирди.
Айта кетсек, 6-мартта президент “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, ай сайын ар бир балага 3 жашка чейин 1200 сомдон берилет.
"Учурда Эмгек министрлиги жөлөк пулду чегерүү механизмдерин жана жол-жобосун иштеп чыгуу боюнча иштерди алып барууда",- деди Досматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:52
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















