Айыл чарба министри калкты малдын башын жашырбоого чакырды
Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн координациялык жыйында калкты малдын башын жашырбоого чакырды.
Анын айтымында, айрым жарандар "жөлөк пулдан ажыратат" же "салык салууга негиз болот" деген жаңылыш түшүнүктөрдүн айынан мал-жандыктарынын санын жашырып коюшу мүмкүн.
Министр айыл чарба каттоосу өлкөдөгү мал-жандыктардын так санын аныктоо үчүн маанилүү экенин белгиледи. Так маалыматтар малды өз убагында вакцинациядан өткөрүү, ветеринардык иш-чараларды туура пландаштыруу жана керектүү көлөмдө вакцина менен камсыздоо үчүн негиз болуп берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:55
2026-03-10
14:19
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















