Мыктыбек Илебаев “Учур” жаштар театрынын директору болуп дайындалды
Мыктыбек Илебаев “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал аталган кызматка 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде дайындалды.
Ал буга чейин "Учур" театрынын директорунун орун басары, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
Мындан тышкары, Илебаев Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук уюмдарында көп жылдык башкаруу жана юридикалык тажрыйба топтогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:52
2026-03-10
15:55
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















