Индонезияда таштанды таштоочу жай урап, жети адам каза болду
Индонезияда Жакарта шаарынын четиндеги Бантарагебанг полигону урап, кеминде жети адам каза болду. Бул тууралуу 10-мартта чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, окуя жекшемби күнү болгон. Ал жерде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам эң чоң таштанды полигону урап калган.
Каза болгондордун арасында жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана таштанды таштоочу жайда иштеген чакан азык-түлүк дүкөнүнүн ээлери бар. Издөө иштерине 200дөн ашык куткаруучу катышып, экскаваторлор жана тепловизорлор аркылуу урандылардын астындагы адамдардын жайгашкан жерин аныкташкан.
"Дайынсыз жоголгондордун экөө аман-эсен, үйлөрүнө кайтып келгени тууралуу полициядан маалымат алдык",- деген жергиликтүү куткаруу кызматынын өкүлү.
Бантарагебанг полигону болжол менен 110 гектарды ээлейт жана күн сайын 6500дөн 7000 тоннага чейин таштандыларды кабыл алат. Бул Индонезиядагы эң чоң таштанды полигону болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















