super.kg logo
  Саясат  

Аскат Алагөзов өзгөчө кырдаалдар министринин кызматтан алынган себебин түшүндүрдү

 
Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов анын дайындалганына бир ай боло электе кызматтан кетишинин себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, Шамырканов министрдин орун басары болуп турган кезде пара алган деп шектелүүдө.
"Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку кадрдык саясаттагы баш аламандыктын белгисиби?” дегендер болушу мүмкүн. Жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби - ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө. Аталган министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан. Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин, айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, анын айтымында, министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген. Баткенге которулган кызматкер президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган. Мамлекет башчысы арызда келтирилген дооматтарды териштирүү тапшырмасын Башкы прокуратурага берген. Көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров Урматбек Шамыркановду кызматынан бошотту",- деп белгиледи Алагөзов.
Алагөзов кыңыр иштер кырк жылда эмес, кырк эле күндө билинген заман болуп жатканын белгилеп, башка мамлекеттик кызматкерлерге бул чоң сабак болушу керектигин кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: