super.kg logo

Бишкекте ири көлөмдө психотроптук заттарды саткан кылмыштуу топ кармалды (видео)

 

Бишкек шаарында ири көлөмдө психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу 10-мартта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери түнкү клубдардын жана көңүл ачуучу жайлардын айланасында тинтүү жүргүзүшкөн. Натыйжада көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон заттарды сатып жүргөн 1998-жылы туулган В.А.С, 1999-жылы туулган З.Ю.Г жана 1975-жылы туулган Б.К.К. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Алардан ири өлчөмдө психотроптук заттар жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Алынган психотроптук заттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.






Бишкекте ири көлөмдө психотроптук заттарды саткан кылмыштуу топ кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: