"Акыл үйрөтпөй..." Медер Алиев дагы бир Улукбек менен урушту
Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Медер Алиев менен Улукбек Узакбаевдин ортосунда пикир келишпестик жаралды.
Отурумда Алиев демилгечи болгон баңгизатка байланыштуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Анда Узакбаев мыйзам долбоору боюнча тактоочу суроолорду узатты. Алиев кесиптешине каалоосу жок болсо мыйзам долбоорун колдобой эле коюуну сунуштады.
"5 жолу кайталап суроо бердиңиз, 5 жолу жооп бердим",- деди ал. Буга макул болбогон Узакбаев так жооп албаганын айтты. Анда Алиев: "Суроолорго жетишээрлик деңгээлде жооп бердик го. Эгерде сунуштарыңыз болсо, анда кат түрүндө кайрылыңыз. Туура нерсени туура дегенди да үйрөнүшүбүз керек. Кайра-кайра эле кайталап суроо бере бербей",- деди.
Узакбаев кесиптешин суроолорду туура кабыл алууга үндөп: "Биз деле көп нерсени сизге окшоп билебиз. Акыл үйрөтпөй, сунуштарды карап көрүңүз",- деп жооп узатты.
Мунун алдында Медер Алиев Улукбек Карыбек уулу менен кайым айтыша кетти.
"Акыл үйрөтпөй..." Медер Алиев дагы бир кесиптеши менен урушту
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















