super.kg logo

Бахрейндеги башкы аэропорттон бир саатта 20дан ашык учак учуп кетти

 

Бахрейндеги негизги эл аралык аэропорт жарым-жартылай ачылгандан кийин бир саат ичинде 20дан ашык жүргүнчү жана жүк ташуучу учак өлкөдөн учуп кетти. Бул тууралуу ТАСС басылмасына Жакынкы Чыгыштагы авиадиспетчердик тармактагы булак билдирген.

Анын айтымында, учуп кеткен учактардын көпчүлүгү Бахрейндеги улуттук авиакомпания - Gulf Air компаниясына таандык.

Маалыматка ылайык, Манама шаарынан учуп чыгууга мүмкүнчүлүк 28-февралдын экинчи жарымынан бери биринчи жолу ачылды. Ошол күнү өлкөнүн аба мейкиндиги АКШ менен Израиль тарабынан Иранга каршы башталган аскердик операциядан улам жабылган.

Буга чейин, 11-март күнү саат 04:00гө чейин (Бишкек убактысы менен 10:00) Бахрейндеги аба мейкиндиги дээрлик бардык учуулар үчүн жабык бойдон калаары айтылган. Учууга алдын ала макулдашылган айрым каттамдарга гана уруксат берилген.

Ошондой эле учактар үчүн коопсуздук максатында эң кыска аба коридору белгиленип, ал коңшу Сауд Арабиясынын аба мейкиндигине кирген жактагы текшерүү пунктка чейин жетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: