Тээп кете беришкен.... Бишкекте жаш уландардын жосунсуз кылыктары аныкталды
Бишкекте 17 жана 18 жаштагы уландар уурулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар шаардын 7-кичирайонунда жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан 40 миң сомдук велосипедди уурдап кетишкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда алар катышкан ушул сыяктуу 10дон ашык кылмыш фактылары аныкталууда. Шаардык милиция жарыялаган видеодон алардын ар кай жерде турган велесипеддерди тээп кете беришкенин көрүүгө болот.
Бишкекте велосипеддерди уурдоого шектелген жаш уландар кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:38
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















