Гавайи аралындагы Килауэа жанар тоосу атылды (видео)
Гавайи аралындагы Килауэа жанар тоосу атылып, лаванын фонтандары болжол менен 400 метр бийиктикке чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жанар тоонун атылуусу кечээ, 10-мартта катталган. Анда вулкандын түштүк жана түндүк очогунан чыккан лаванын бийиктиги болжол менен 400 метрге чейин жеткен. Социалдык тармактарга тараган видеолордон, вулкандын катуу күч менен атылганын жана андан чыккан жалындуу отту көрүүгө болот.
Буга чейин аталган аймакта мындай масштабдагы атылуу февраль айында болгон.
Килауэа жанар тоосу - Гавайи аралында жайгашкан дүйнөдөгү эң активдүү вулкандардын бири катары белгилүү.
Гавайи аралдарындагы жанар тоо атылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:14
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















