Бишкекте кар тазалоо иштерине миңден ашуун кызматкер тартылды
Бишкек шаарында кар тазалоо иштерине миңден ашуун кызматкер тартылды. Бул тууралуу 11-мартта шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерине төмөнкү техникалар тартылды:
- МАЗ кум-туз чачуучу унаасы - 32 даана;
- Shacman кум-туз чачуучу унаа - 10 даана;
- Фронталдык жүктөгүч - 1 даана;
- Экскаватор - 1 даана;
- Беларусь тракторлору - 32 даана;
- Универсалдуу коммуналдык машиналар - 5 даана.
Мындан тышкары, 20 жол жумушчусу жана миңден ашуун санитардык тазалоо кызматкери тартылган. Жолдордо муз пайда болуусунун алдын алуу максатында иштер башталгандан бери 581 тонна техникалык туз колдонулду.
Белгилей кетсек, кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:58
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















