АКШ президенти
Дональд Трамптын байлыгы акыркы бир жылда 1,4 миллиард долларга көбөйүп, 6,5 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар
Forbes журналына таянып билдиришти.
"Дүйнөдөгү миллиардерлердин акыркы рейтинги боюнча, президенттин байлыгы азыр 6,5 миллиард долларды түзүп, бул бир жыл мурункуга караганда 1,4 миллиард долларга көп",- деп жазат басылма.
2025-жылдагы дүйнөдөгү миллиардерлердин рейтинги боюнча, Трамп 700-орунда болсо, азыр ал 645-орунга көтөрүлдү. Байлыгынын өсүшү негизинен криптоиндустриядагы иштери, World Liberty Financial компаниясынын акцияларын сатканы жана башка үлүштөн түшкөн кирешеден келип чыккан.
Мындан тышкары, Нью-Йорк сотунун чечими менен Трамп 517 миллион доллар төлөбөй калган. Ошондой эле анын мүлкү, гольф аянтчалары жана Мар-а-Лаго имаратынын баасы да өсүп, жалпы байлыгын көбөйттү. 1985-жылы Трамп бул имаратты 10 миллион долларга сатып алган, азыр баасы 560 миллион долларга жетти.