АКШнын башкы прокурору коркутуулардан улам аскердик базада жашап жатат
АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди коркутуулардын көбөйүшүнөн улам Вашингтондун жанындагы аскердик базага көчүп кеткен. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.
Маалыматка караганда, Бонди укук коргоо органдары тарабынан ага билдирилген коркутуулардын көбөйүшүнөн кийин февраль айында Вашингтондогу батиринен көчүп кеткен. Басылма ага балдарды зордуктоо боюнча соттолгон финансист Жеффри Эпштейнге каршы ишти карап жатканына байланыштуу коркутуулар болгонун белгилейт. Коркутуулардын кескин көбөйүшү АКШ январь айында Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармап, Каракастан экстрадициялагандан кийин болгон.
Басылмада Бонди коопсуздук максатында аскердик базаларга көчүп бара баштаган АКШ администрациясынын кызмат адамдарынын тизмесине кошулган акыркы адам экенин белгилейт. 2025-жылдын күзүндө The Atlantic журналы мамлекеттик катчы Марко Рубио, Пентагондун башчысы Пит Хегсет жана армиянын катчысы Даниел Дрисколл АКШнын аскердик базаларында жашап жатышканын жазган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















