Жогорку Кеңеште "Ихсан" курулуш кооперативине алдангандар боюнча маселе дагы көтөрүлдү (видео)
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева "Ихсан Групп" турак жай курулуш кооперативине алданып калгандар боюнча маселени дагы көтөрдү.
Эл өкүлү 2021-жылдан бери 400дөн ашуун жаран ага кат менен кайрылганын белгилеп, күнөөлүүлөрдү камап гана жөн болбостон, башка багытын да карап берүүнү өкмөттөн суранды. Талиева алдангандардын көпчүлүгү Лейлек районунун тургундары экенин белгилеп, үй куруп берүү шылтоосу менен кооператив миграцияда жүргөн жарандардын, кары-картаңдардын, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын акчаларын алганын билдирди.
"Турак жай кооперативинин жетекчиси болсо акчаны белге түйүп алып, камалды. Атайын кылган ал муну. Эң четки Лейлек районунан жабыркагандар көп. Бул маселени 10 жолу көтөрдүм окшойт",- деди Талиева.
ИИМдин 2024-жылдагы маалыматы боюнча, "Ихсан Групп" кооперативинин түштүк аймактык филиалына карата 330 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жабырлануучуларга 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени белгиленген.
Жогорку Кеңеште "Ихсан" курулуш кооперативине алдангандар боюнча маселе дагы көтөрүлдү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















