"Акчанын баары банкта калууда". Депутат Өмүрзаков насыя алуу маселесин көтөрдү
Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков насыя алуу меслесин көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, алган насыялардын пайызы жогору болгондуктан, элдер банктарга эле акча төлөп жатат.
"Карапайым калктын эң негизги көйгөйү - насыя. Насыя деген өзү жаман нерсе. Мага кайрылып жатышат, 3,5 миллион насыя алышса, ай сайын 65 миң сомдон төлөшөт экен, бирок анын 12 миң сому гана негизги карызды жабууга кетип, калганы банкта калат. Ушул маселе боюнча Улуттук банк менен жакшылап иш алып баруу керек. Насыяны ким алат? Муктаж адамдар алышат. Буга жакшылып көңүл буруп койсоңуздар",- деген депутат.
Жогорку Кеңеш
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:58
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















