super.kg logo

Камила Талиева президенттен Эл мугалими сыйлыгын калыбына келтирүүнү суранды (видео)

 

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева президент Садыр Жапаровдон мамлекеттик сыйлыктар туура эмес кыскартылып жатканын белгилеп, кайра карап чыгууну суранды.

"Мен мамлекеттик сыйлыктар, наамдар тууралуу айтсам. Албетте, бүгүнкү күндө реформа керек. Өмүр бою эмгектенген дарыгерлер менен мугалимдер президенттин колунан сыйлык алсам экен дешет. Азыр бир эле Эмгек сиңирген деген сыйлык калды. Эл мугалими деген сыйлык алып салынган. Бул дагы туура эмес алынган. Эл мугалими, Эл акыны деген сыйлыктарды албасак. Ыйгарууда коррупция схемасы болгонуна мугалим менен дарыгер күнөөлү эмес да",- деди депутат.

Ал эми өлкө башчысы эл өкүлүнө эмне үчүн сыйлыктар кыскартылганын түшүндүрүп, депутаттардын чечими менен макул экенин билдирди.

"Мен келгенде сыйлыктар боюнча комиссия түздүрүп, кайра карап чыгардым. Мурда билесиңер, сатылып эле келген. Эки ыр ырдап коюп, Эл артисти болуп алгандар бар экен. Ал эми мамлекеттик кызматта отуз жылдан бери эмгектенгендер албаптыр. Алардын баарына бердик. Карасам, сыйлыктын 47 түрү бар экен, алардын баарын кыскартып жатып 20га түшүрдүм. Азыр сиздерге сунушталды, алчусун алып, кошчусун кошосуздар. Сиздер кандай чечсеңиздер ошого макулмун",- деди Жапаров.






Сыйлыктар боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: