super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров "Бала ырысы" жөлөк пулу кимдерге берилерин айтты (видео)

 

Өлкөдө 3 жашка чейинки балдарга бериле турган "Бала ырысы" жөлөк пулу үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан бардык балдарга бирдей берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында билдирди.

Президент келечекте 16 жашка чейинки ар бир балага жөлөк пул берүү максаты бар экенин айтып, ал экономиканын өсүү темпине көз каранды экенин белгиледи.

"Мурда, СССР мезгилинде бала 16 жашка чыкканча жөлөк пул берилчү. Анда үй-бүлөнүн социалдык абалына каралчу эмес. Эгемендүүлүк алгандан кийин экономикабызга жараша аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилип келет.

Экономикалык абалыбыз жол берсе бардык балдарга 16 жашка чыкканча жөлөк пул бергибиз бар. Бирок азырынча ага бюджетибиз туруштук бере албайт. Ошондуктан 3 жашка чейинки наристелерге социалдык абалына карабасатн жөлөк пул берүү боюнча жарлык чыгардым.

Улам бюджетибиз көбөйгөн сайын бардык балдарга социалдык абалына карабай 16 жашка чыкканча жөлөк пул берүүгө жетебиз. Бул келечекте боло турган нерсе",- деди өлкө башчы.






Садыр Жапаров жөлөк пул боюнча айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: