super.kg logo

Президент: "Кимдин курулуш компаниясы болсо, мамлекет жер берүүгө даяр" (видео)

 

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөр тууралуу суроолорго жооп берип жатып турак үйлөр өлкөнүн бардык аймактарына салынарын билдирди.

Анда өлкө башчы кимде курулуш компаниясы болсо, мамлекет жер берүүгө даяр экенин белгилеп өттү.

"Мурда Мамлекеттик ипотекалык компания банкка айланган эле компания болчу. Азыр башка шарттар менен үй алып жатышат. Буга чейин депутаттардын "жер бекер болуп жатса, эмнеге акча кошуп жатышат, өз баасында эле бербейби?" деген сындарын угуп калдым. Анткенге болбойт. Эгер үстүнө акча кошпосок, мамлекеттен төлөш керек болот. Албетте, жеке жактарга салыштырмалуу арзан.

Бул тармакта Каныбектин эле аты чыгат. "Туманбаев эле жыргап жатат, ошол эле салып жатат" деген. Кимде курулуш компаниясы болсо, мага келиңиздер, мен жер алып берем. Көрсөтүлгөн суммага бүтүрсөңүздөр, биз макулбуз. Мамлекеттик ипотекалык компанияны өзгөртүп жатканда бардык курулуш компанияларына кайрылгам. Баары шылдыңдап күлүп кеткен",- деди президент.






Мамлекеттик ипотекалык компания

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: