super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Тфу-тфу, Кудай анын бетин ары кылсын..."

 

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева 8-март күнү аялдардын эл аралык күнүнө карата тынч акция өткөнүн белгилеп, аялдарга карата зомбулукка каршылыгын билдирген акияларга тоскоолдук болбошу керектигин айтты.

Президент Садыр Жапаров тынч өтүүчү акцияларга чектөө жок экенин билдирип, бирок кыргыз элинин каада-салтына каршы келген чакырык, плакаттар менен чыкпоого чакырды. Өлкө башчы ал акцияга катышкандар аз экенин белгилеп, ал нерсеге жалпы эл нааразы болуп жатканын айтты.

"Бүтүндөй 7,5 миллион элге чыгып алып, "бизди колдогула", "бизге өткүлө" деп лозунгдарды жазып алып чыкканы туура эмес. 7,5 миллион элдин кыжыры кайнап жатпайбы. Эгер... тфу-тфу, Кудай анын бетин ары кылсын, элибиздин көпчүлүк бөлүгү ошондой болсо, анда унчукпайт элек. Биз, тескерисинче, аны тыйышыбыз керек, биздин элибиздин каада-салтына туура келбейт",- деди мамлекет башчы.






Садыр Жапаров: "Тфу-тфу Кудай анын бетин ары кылсын..."

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: