Темир Сариев түрк-америкалык альянсы менен АКШнын Ортоңку Батышындагы түрк-америкалык федерациянын башчыларын кабыл алды
Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев 23-январда түрк-америкалык альянстын президенти Фарук Табан менен АКШнын Ортоңку Батышындагы түрк-америкалык федерациянын башчысы Сулейман Турхан баш болгон расмий делегацияны кабыл алды.
Министрликтин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптык мамилелердин маанилүүлүгү талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө 2-кыргыз-америкалык форумдун өткөрүлүшү тууралуу долбоор каралды. Жыл сайын өтүүчү бизнес-форум алгачкы жолу 2013-жылдын 20-ноябрында өткөн.
Министр Темир Сариев жогорудагыдай форумдар өлкөбүздүн башка мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилени бекемдөөгө жардам берерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

