super.kg logo
  Саясат  

Жусупали Исаев: «Европа Биримдигинин «кара тизмесине» кирип калгандыктан, Кыргызстандын учактары Европа өлкөлөрүнө уча албайт»

 
"Ушул тапта Кыргызстандын жарандык авиация тармагында көптөгөн көйгөйлөр бар. Айрыкча Европа Биримдигинин «кара тизмесине» кирип калгандыктан, Кыргызсандын учактары Европа өлкөлөрүнө уча албай, түз аба каттамдары ачылбай турат" деп билдирди ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Жусупали Исаев.
Депутаттын айтымында, кыргыз жарандары Европа өлкөлөрүнө Москва, Ташкент, Алматы аркылуу учуп жаткандыктан, кыйла чыгым тартышууда. Ички каттамдардын абалы деле анчалык канааттандырарлык эмес. «Кыргызстандын жарандык авиация тармагындагы ушул сындуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү максатында ички жана тышкы авиакаттамдарды жөнгө салууну жакшыртууга багытталган токтомдорду кабыл алып, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу чечимине келдик»,- деди ал өз сөзүндө. 
Эске салсак, ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 21-январда көчмө жыйын өткөрүп, анда өлкөнүн жарандык авиациясынын азыркы абалы жөнүндө КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы угулган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: