super.kg logo
  Саясат  

Украина. Демонстрантты өлтүргөн адамдын башы 100 миң долларга бааланууда

 
Сергей Нигоян

Киевде Сергей Нигоянды ( “Евромайдандын” активисти, Грушев көчөсүндөгү кагылышууда октон каза болду деген пикирлер айтылууда)  өлтүргөн адамды тапканга сыйлык берилет. 

Мындай жарыялар борбор калаанын көчөлөрүнө жайгаштырылды. Канча кагаз илингени белгисиз, алардын автору өлтүргөн адам боюнча маалымат бергенге 5 миң доллар, өлтүргөндүн башын алып келгенге 100 миң доллар убада кылган. 

Активисттин көз жумганы 22-январь күнү белгилүү болгон. Башкы прокуратура аталган маалыматты тастыктап, анын денесине 2 жолу ок тийгенин маалымдаган. 

19-январда башталган кагылышта демонстранттар таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышса, тартип коргоочулар көздү ачыштыра турган газ чачып, кулак тундурган граната, союл колдонушкан. Активисттер полиция ок чыгарганынан адамдар каза болууда дешсе, Ички иштер министрлиги полиция кадимки окту колдонбогонун айтууда. 

Украинанын Ички иштер министрлигинин 23-январда берген маалыматына ылайык, Киевдеги демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда күч органдарынан 254 адам жаракат алган.

“Евромайдан” штабынын медициналык жардам кызматынын координатору Олег Мусийдин айтымында, каза болгондор моюн, көкүрөк жана башына октон жаракат алышкан. Кагылыштарда 5 адам набыт болгону айтылды. Бирок расмий маалыматта 3 адамдын көз жумганы айтылууда.






Украина. Демонстранттар менен полициянын кагылышуусу уланууда

Украина. Грушев көчөсүндөгү кагылышуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: