“Азия универсал банктын” 35 миллион долларын мыйзамсыз өздөштүрүп алган деп айыпталып эл аралык издөөгө алынган Михаил Надель кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Михаил Надель кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалыматка караганда, 45 жаштагы М.Надель үй-бүлөсү менен Валь-Гарденде эс алып жүргөндө кармалган.
Эске сала кетсек, Михаил Наделге 2010-жылдын жайында издөө жарыяланган. Ага “Азия универсал банктын” 35 миллион долларын мыйзамсыз өздөштүрүп алган деген айып тагылган.
1998-жылдан 2010-жылга чейин М.Надель банктын директорлор кеңешинин төрагасы болгон. 2010-жылы банктын ишмердүүлүгүн текшерүүдөн кийин, ага кыргыз соттору тарабынан “алдамчылык” жана “акчаларды мыйзамсыз алуу” фактылары боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга сыртынан соттолгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
zamir.79

24.01.2014. 10:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле кыргыз милициясы кармап алгансып суйунбой эле койгула. Ал деле баягы Балкыбеков менен Максимдей эле бетин ачып койду да. Болбосо качанкыга чейин издоодо изделип журмок эле.
Azem2013

24.01.2014. 11:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалаган акчаларды уурдап жатса сыртынан соттоп койгону эмнеси? Бечаранын баласы тоок уурдаса канча жылга соттолмок.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.