super.kg logo

СССРдин Эл артисти Ч.Базарбаевди эскерүү кечеси өтөт

 

4-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кечени А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, аталган министрлик жана Ч.Базарбаевдин туугандары уюштурууда.

Эскерүү кечесинин алкагында аталган театрдын артисттери, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучуларынын катышуусунда заманбап концерт болот.

СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев 4-февралда 1949-жылы Нарын облусундагы Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. Ал 1966-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет академиялык театрынын алдынкы солисти болуп иштеген. Ал өмүр жолунда бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап, кыргыз маданиятына зор салым кошкон.

1991-1993-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын башкы директору, 1993-1996-жылдары Кыргызстандын маданият министри, 1996-1998-жылдары Кыргыз илим жана маданият министринин 1-орун басары, маданият департаментинин директору, 1998-2002-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын башкы директору, Кыргызстан менен чет өлкөлөрдүн достук коомунун башкаруучусу болгон.

Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы 2-сентябрда автокырсыктан улам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: