super.kg logo
  Саясат  

Кадамжай районундагы мектептин курулуш иштерине «Памир-Жол» акционердик коому 27,9 миллион сом ашык каражат сарптап, кылмыш иши козголду

 

 Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош жана Баткен облустарындагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылындагы 480 орундуу мектептин курулушуна сарпталган каражат белгиленген суммадан көп сарпталганы аныкталган. 

Бул тууралуу 24-январда  аталган кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада аткаруучу “Памир-Жол” акционердик коому курулуш иштерине 27 941 500 сом ашыкча сарптаган. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош жана Баткен облустары боюнча тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: