super.kg logo
  Спорт  

Ысык-Көлдө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көрүлүп жаткан даярдык боюнча форум өтөт

 

Эртең, 25-январда Ысык-Көлдө вице-премьер-министр Камила Талиеванын катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдыгы тууралуу форумдун ачылышы орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда уюштуруу иштеринен тышкары оюндар, оюндарды өткөрүү тартиби, эрежелери жана калыстардын дайындалуусу боюнча суроолор каралат. Форумдун жыйынтыгында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча резолюция кабыл алынат.

Кошумчалай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Орусия жана Кыргызстан мамлекеттеринин командалары катышары күтүлүүдө. Кыргызстан мелдешти уюштуруп, өз үйүндө кабыл алып жатканына байланыштуу ар бир спорт түрүнөн экиден команда катыштырууга укугу бар.

Көптөгөн өлкөлөргө теле аркылуу алынып берилери күтүлүп жаткан бул оюндардын программасына көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөшү, алыш, оодарыш, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, ордо, кыз куумай сыяктуу оюндар киргизилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.01.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызыма ийгилик! казактар чыдабастык кылса эми кыргыз жеринде кынына түшөт болуш керек.
24.01.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Кыргызстан эми бизде кезек казактарга окшоп чыдабастык кылбай мындай утат деп уткулачы эрдик коргозуп!!!!
25.01.2014. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kancha kun bolot eken kanchasy bashtalat kim bilet?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: