super.kg logo
  Саясат  

Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы эң бою узун деп саналган Жеңишбек Райымбаевдин дарылануусун колго алды

 

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстандагы эң бою узун деп саналган  Жеңишбек Райымбаев жана Нурлан Алишеров (Ташчайнар) менен жолугушууда “өзгөчө көңүл бурууну талап кылган адамдарга жардам берген атайын долбоорлор иштесе жакшы болмок” деп билдирди. Бул тууралуу 24-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. 

“Ар бирибиз жаныбызда өзгөчө көңүл бурууга муктаж адамдар жашап жатканын унутпашыбыз керек. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бир жолу жардам берүү менен чектелбешибиз керек”,- деди министр. 

Маалыматка ылайык, I топтогу майып Жеңишбек Райымбаев  министрликтин алдындагы реабилитациялык борбордо толугу менен дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Андан кийинки коюлган диагнозуна жараша жазында Ысык-Көлдөгү санаториялардын бирине жолдомо берилет. 

Мындан сырткары министр Нурлан Алишеровдун аялына да жардам берүүнү убада кылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: