super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргыз-кытай чек арасындагы окуяда каза тапкан Александр Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берди

 

Бүгүн, 24-январда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев менен жолугушуусунда кыргыз-кытай чек арасындагы окуяда каза тапкан Александр Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев кылмышкерлерди зыянсыздандыруу боюнча  атайын операцияга катышкан чек арачыларга ыраазычылык билдирип, анын жүрүшүндө жеңил жаракат алган жоокердин тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өлкө башчы чек ара кызматынын жоокерлеринин  түзүлгөн кырдаалда тез чечим кабыл алып, өз милдеттерин так аткаргандыгы Кыргызстандын чек арачыларынын жогорку кесипкөйлүгүн далилдеп тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле Ысык-Көл чек ара отрядынын Ак-Шыйрак заставасынан жоокерлер келгенге чейин мамлекеттик чек араны бузгандарга куралдуу каршылык көрсөтүп, экөөнү жок кылып, каза тапкан Александр Барыкинди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Мамлекет башчысы Александр Барыкиндин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: