super.kg logo
  Спорт  

УБАнын Жылдыздар беттешинин катышуучулары белгилүү болду

 

Күйөрмандардын добушунун негизинде Чыгыш жана Батыш аймактары боюнча УБАнын (Улуттук баскетбол ассоциациясы) Жылдыздар беттешинин катышуучулары белгилүү болду.Бул тууралуу бүгүн, 24-январда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, эң көп добушту “Майами Хиттин” коргоочусу Леброн Жеймс топтоп, карьерасында 10-ирет бул беттешке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ага 1,4 миллион баскетбол сүйүүчүсү добушун берген.  

Чыгыш аймагы боюнча командага Леброндон тышкары коргоочу Дуэйн Уэйд (“Майами Хит”), оюн куруучу Кайри Ирвинг (“Кливленд Кавальерс”), чабуулчулар Пол Жорж ( “Индиана Пейсерс”) жана Кармело Энтони (“Нью-Йорк Никс”) кирген.  

Батыш чөлкөмү боюнча курамга коргоочу Коби Брайант ( “Лос-Анжелес Лейкерс”), оюн куруучу Стефен Карри (“Голден Стейт Уорриорс”), жарым коргоочу Кевин Лав (“Миннесота Тимбервулс”), чабуулчулар Кевин Дюрант (“Оклахома-Сити Тандер”) жана Блэйк Гриффин (“Лос-Анжелес Клипперс”) кирди.

Жакын арада УБАда оюн көргөзгөн 30 команданын машыктыруучулары отурум өткөрүп, Жылдыздар беттешинин кошумча курамына дагы 7 оюнчуну тандашат.

63-ирет өтө турган Жылдыздар беттеши 16-февралда орун алат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: