super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаарында айрым көрнөк-жарнактар алынды

 

Кечээ, 23-январда Жалал-Абад шаардык мэриясындагы көрнөк-жарнак жана мамлекеттик тил боюнча жетекчи Үпөл Асаналиева баштаган топ шаар айланасындагы калкка кызмат көрсөтүүчү жайларга рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ү.Асаналиева "көчөлөрдөгү бардык жарнактар орус жана чет тилдерде жазылган. Эгерде мындай көрүнүштөргө убагында чара көрүлбөсө, кыргыз тилинин келечеги аянычтуу болушу ыктымал" деди.

Аталган рейд шаардык тейлөө үйүнүн алдындагы сүрөт чыгаруучу жана сулуулук салонунун расмий тилде жазылып илинген көрнөк-жарнактарын алып салуу менен башталды. Андан соң Ленин көчөсүндөгү ири жарнактар да алынып салынды. Мындан сырткары рейддин алкагында көрнөк-жарнактардын тамгаларынын көлөмү мамлекеттик тилден чоң болуп жазылгандарды да комиссия мүчөлөрү алып салууну макул көрүштү.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: