Мамлекеттик чек ара кызматы: Кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн кылмышкерлердин жанында Куран китеби, жайнамаз, тесмелер болгон

23-январда кыргыз-кытай чек арасында Кыргызстандын жаранын өлтүргөн кылмышкердин баары жок кылынган. Алардын жанында
экстремисттик маанайдагы материалдар табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара
кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Кылмышкерлердин жанынан 1 октолгон мергенчи мылтыгы, 3 даана жүк ташуучу
унаанын дөңгөлөгүнүн камерасы, 2 желдеткич (насос), зымдарды кесүүчү шайман, 8 асынма баштык, азык-түлүк (жүгөрүнүн уну, мисте жана 2 литр бал), 1 компас, 11 кепин, аймактын картасы (Кытайда чыгарылган), узундугу 10-15 метр болгон 11 даана аркан, 11 кышкы бут кийим, 11 жайнамаз, 1 Куран
китеби, ачкычтар, 11 бычак, 11 кара бет кап, 2 балта, 11 комплект дааратканага
колдонулуучу буюмдар, бузулган видеокамера, 2 тесме жана 602 юань, 546 доллар
акчасы болгон.
Эске салсак, Ысык-Көл облусундагы "Ак шыйрак" чек ара заставасынын аймагында пайда болгон белгисиз 11 адам бир токойчуну өлтүрүп, өздөрү курчоодо калышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

