super.kg logo
  Саясат  

Мыктыбек Абдылдаев "Центерра Голд Инктин" менеджментине кылмыш ишин козгоону талап кылды

 

Өкмөт “Сenterra Gold Inc.” компаниясынын менеджментине карата кылмыш ишин козгоосу керек. Мындай оюн бүгүн, 24-январда "Ата Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

"Өкмөт ар кайсы жылдардагы “Кумтөр” боюнча макулдашууга катыштыгы бар чиновниктерге асылып туруп алды. Бирок биз компаниянын менеджментине карата да кылмыш ишин козгошубуз керек. Чиновниктерди акча менен сатып алып жаткандарды отургузуу керек. Маселен, "Кумтөр оперейтинг компанинин" мурдагы вице-президенти Андрей Сазанов кимди канчага сатып алганын айта алат. Коррупция боюнча эки тарап тең жоопко тартылышы керек”,- деди ал. Башкы прокуратуранын өкүлү компаниянын менеджментинин күнөөлөрү боюнча далилдер жетишсиз экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: