super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевди жоопко тартууну өкмөт башчыдан суранды

 
Жогорку Кеңештин депутаты Кантемир Мурзабеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаевди жоопко тартуу маселесин кароону өкмөт башчыдан суранды. Муну депутат өзү бүгүн, 24-январда "Ата Журт" фракциясынын жыйынында айтты. "Мурдагы жыйындарда ички иштер министри Абдулда Суранчиевге кайрылып "укук коргоо кызматкерлери жан сакчылар менен жүрө баштаганын айткам. Анда министр "сиз Мелис Турганбаевди айтып жатат окшойсуз" деп жооп берген. Мен эч кимдин атын атаган эмесмин. Мындан кийин Мелис Турганбаев ММК аркылуу мени айтылбай турган сөз менен шылдыңдады. Депутатка ушундай мамиле кылган ал жөнөкөй жарандарды эмне кылат?"- деди депутат. 
Жантөрө Сатыбалдиев жакында коллегиялык жыйында бул маселени көтөрө турганын билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: