super.kg logo

Жылнаама, 25-январь: Мындан 109 жыл мурун Түштүк Африкада эң чоң алмаз табылган

 
*Мындан 55 жыл мурун КРнын Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов жарык дүйнөгө келген. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун кулуну. Анын чыгармачылыгы филармониянын сахнасында башталган. 
*2003-жылдын 25-январында "Ар-намыс", "Ата Мекен", "ЭрК", "Эркиндик", "Асаба", "Республика", "Жаңы Кыргызстан", "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиялары менен "Демократия жана жарандык коом үчүн" бирикмесинин 80 чамалуу өкүлү Бишкек шаарында III Элдик курултай өткөрүшкөн. Анда Конституциялык өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү колдобоо, шайлоо участкаларына байкоочуларды жөнөтүү чечими кабыл алынган. 
*1905-жылдын бул күнү Түштүк Африкада эң чоң алмаз табылган. Анын салмагы 3106,75 каратты түзгөн. Табылган алмаз кендин кожоюну Томас Куллинандын атынан “Куллинан” деп аталып калган. 
*1701-жылдын 25-январында Пётр I Орусиядагы биринчи аскер окуу жайын негиздеген. Аскер окуу жайы Навигациялык мектеп деп аталып, кийин Деңиз корпусу, андан соң М.В.Фрунзе атындагы Жогорку Аскер-деңиз окуу жайы болгон. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: