super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте “Кышкы жомок” аттуу иттердин улуттук көргөзмөсү болуп өттү (фоторепортаж)  

 
Иттердин көргөзмөсүнө каттагандардын саны үзүлгөн жок. Ортодо иттерди баалап жаткан калыстар өз иштерин көп кишинин курчоосунда аткарып жатышты.
Итти көргөзмөгө алып чыкканга чейин тарап, сулуулап чыгарып жатышты.
Калыстардын сынына коюлган ит кожоюну же кожойкеси менен аянтты аланып келүүгө тийиш. Калыс иттин канчалык деңгээлде эркке көнөрүнө баа берет.
Итке жеңиш үчүн анын турган турпаты жетиштүү эмес. Ал кожоюну же кожойкеси менен кандайдыр бир тапшырма аткарыш керек. Калыстар иттин ээсин канчалык деңгээлде түшүнүп, ошого жараша кыймыл аткарганын да баалашат.
"Орус кара терьери" укмуштуудай көрүнүп турду. Анын оозу, көзү жүндүн алдында калып, ээси иттин башын деле таппай калчудай.
"Ирландиялык сетте" Кыргызстандын ичинде чанда кездешет.
"Йоркшир терьер" пародасындагы иттер кичине болгону менен көп көңүл бурууну талап кылат.
"Эрделтерьер".
"Мексикалык жылаңач итти" ээлери атайын капка ороп келип, кайра ороп алып кетишти.
"Ньюфаундленд" пародасындагы иттер тамакты көп жегени менен белгилүү.
Көздөрү ойноп турган "Немис шпици".
"Мыкты бэйби" наамы боюнча катышкан "Чау чау" пародасындагы күчүк.
"Америкалык бульдог".
"Бордолук дог" пародасындагы иттер залдагы тынчтыкты сактоодо башка иттерге үлгү боло алчудай.
Ээсин деле тыным алдырбай ары-бери жулкунуп турган "Немис овчаркасы".
"Бельгия малинуасы" көргөзмө учурунда.
"Европалык тайган".

Бүгүн, 26-январда Геомеханика жана жер түзүлүшүн изилдөө институтунун спорт залында “Кышкы жомок” аттуу иттердин улуттук көргөзмөсү болуп өттү. 

Көргөзмөнүн уюштуруучусу Людмила Коровинская көргөзмөгө 40ка жакын породадагы 117 ит катышканын билдирди. Иттердин ичинен жеңүүчүнү аныктоону Новосибирскийден келген эксперт Ольга Лашкова колго алып, иттин көрүнүшүнө, ээсинин тапшырмаларын аткарганына жана жаштарына карап жеңүүчүлөрдү аныктады. Көргөзмөнүн аягында “Мыкты бэйби" (6 айга чейинки күчүктөр), “Мыкты күчүк“ (9 айга чейинкилер), “Мыкты юниор” (18 айга чейинкилер), “Мыкты ит” (15 айдан жогору) жана “Карыган иттер арасындагы мыкты ит” (8 жылдан жогоркулар) деген наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: