super.kg logo
  Саясат  

В.Жириновский “аялың менен ажыраш" деп Барак Обамага кат жөнөтөм” дейт

 

Орусиялык депутат Владимир Жириновский аялы менен тезирээк ажырашууну сунуштап АКШнын президенти Барак Обамага кат жөнөтө турганын айтып чыкты. Айтымында, Обаманын мыкты президент катары өлкөнү башкарышына аялы Мишель Обама тоскоол болууда. 

Жириновский улуу державалардын лидерлери бойдок жүргөнү жакшы деген ойдо.

“Обама акыркы күндөрү аябай өзгөрүп кетти. Кубарып, бырыштары көбөйдү. Буга Мишель күнөөлүү. Ал жетер жерине жеткизди. Убагында Билл Клинтонду Моника жок кылган, а бул жерде аялы... Ири, күчтүү мамлекеттердин башчыларында аял болбошу керек”,- дейт Жириновский.

Жириновский Обама дүйнөнү башкарган лидер экенин, ага аялы ашыкча түйшүк болуп жатканын билдирет.

“Мишель мейли, алысыраак отурсун, а тиги калган жылдары иштесин. Биз Берлусконини ушундай аялдык майда-барат иштерден куткарганбыз, эми Обамага жардам берүүгө туура келүүдө”,- деп билдирди орус саясатчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: