super.kg logo
  Саясат  

Нарын облусунда мектеп директору 125 миң сомду өзүнө өткөрүп алып, иликтөө иштери жүрүүдө

 
Башкы прокуратуранын 25-январда берген маалыматына ылайык, Нарын облусунда мектеп директору 125 миң сомду өзүнө өткөрүп алган. 
Көзөмөлдөө боюнча мекеменин маалыматында Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан   “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде Ак-Жар айылдык аймагында текшерүү жүргүзүлгөнү айтылат. Текшерүүнүн жыйынтыгында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин  “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ишеним менен берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” беренелерине ылайык кылмыш иши козголгон. 
Аталган айылдык аймагындагы мектептин директору С.У. 12 мугалимден мектептин чатырын алмаштыруу жана  башка оңдоп-түзөө иштери үчүн 125 миң сом чогултуп алган. Чогултулган акчаны өзүнө өткөрүп алганы боюнча Нарын облустук прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: