super.kg logo
  Саясат  

2013-жылы Башкы прокуратурага айыпталуучуларга жана тергөөдөн өтүп жаткандарга карата кыйноолор боюнча 208 кайрылуу түшкөн

 
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев КРнын Ички иштери  министрине укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иштери боюнча өтүп жаткандарга жүргүзүлгөн кыйноолор боюнча кат жолдоду. Бул тууралуу 27-январда Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
 Маалыматта “Кыргызстан кандай кырдаал болбосун кыйноолорго тыюу сала турган эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп эсептелет. Конституциянын 22-беренесинде айтылгандай адамдын беделине шек келтирчү кыйноолорго тыюу салынган” деп айтылат.
 КРнын башкы прокуратурасынын маалыматына караганда кыйноолорго байланыштуу кылмыш иштери 2011-2012-жылдарга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн. 2010-жылы 34, 2011-жылы 54 кылмыш иши козголгон.  2013-жылы кыйноолор боюнча 208 кайрылуу түшүп, 11 кылмыш иши козголгон. Алардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына карата ачылган. Кыйноону колдонуунун негизги себеби тергөө учурунда күнөөнү мойнуна алдырууга аракеттенүү болгон.
 “ИИМдин адистерди кайрадан даярдоо, кесиптик сапаттарын карап чыгууга адамдарга кыйноо менен моралдык жактан зыян келтирбөөнү кошуу керек” деп билдирет басма сөз кызматы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: