super.kg logo
  Спорт  

Ош. Мугалимдер арасындагы спорттук  мелдеш аяктады

 

Ош шаарында мектеп мугалимдери арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Иш-чара 24-январда "Достук, биримдик, педагогикалык чыгармачылык" аттуу ураандын алдында, мектептердеги дене тарбия мугалимдеринин арасында футбол, волейбол, тогуз коргоол жана шахмат оюндары боюнча өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди.

"Мелдешке шаар мектептеринин мугалимдери «Барсбек», «Курманжан датка», «Амир Темур», «Ак-Буура» 4 командага бөлүнүшүп, кызыктуу оюн көрсөтүштү.  Жеңүүчүлөр Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын дипломдору жана атайын кубоктор менен сыйланышты. Мындай иштер дагы уланат",- деди Кимсанов

Жакында мектеп директорлорунун арасында шахмат боюнча мелдеш уюштурулмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: