super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Ленинграддын фашисттик блокададан бошотулушунун 70 жылдыгы белгиленди

 

Бишкекте бүгүн, 27-январда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград шаарын душмандын блокадасынан толук бошотулгандыгына 70 жыл толгондугуна байланыштуу эскерүү митинги өттү.

Митингге блокадачылар мүчөлөрү, коомдук жана маданий ишмерлер, Кыргызстандагы Орусия  элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Митинг-реквиемдин катышуучулары блокадачыларга арналган эстеликке гүл чамбар коюшту. Борбордук мэрия атынан кыргыз блокадачыларына 2 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары аларга квартал сайын 1,2 миң сом көмөк көрсөтүлүп турат.

 

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин Ленинград шаары 900 күн бою фашисттердин курчоосунда турган. Курчоодо 2 миллион 544 миң жаран калып, анын 400 миңге жакыны жаш балдар болгон. Ачкачылыктан 640 миң адам көз жумган. Бирок шаардыктар каармандык көрсөтүп, душмандарга баш ийип беришкен эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: