super.kg logo
  Саясат  

2013-жылы Кыргызстанга Орусиядан 357 "Жүк-200" жөнөтүлгөн

 

Былтыр Орусиядан Кыргызстанга 357 "Жүк-200" жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

 Азыркы тапта  “Жүк-200дү” кыргыз тараптан  “Кыргызстан” ЖЧК жана “Air Bishkek” ЖЧК  авиакомпаниялары гана ташуу менен алектенишет. Ал эми орусиялык "Сибирь"  менен  "Урал авиа каттамдары"  компаниялары Ошко адамдын сөөгүн 9 500 сомго жеткиришет.  

Каза тапкан кишинин сөөгүн Кыргызстанга Москвадан жөнөтүү 35-40 миң рублга айланса, Орусиянын алыскы аймактарынан жөнөтүү 60-150 миң рубль талап кылат. Бул акчаны маркумдун жакындары, жердештери өзүлөрү чогултат, кээде иштеген жери бөлүп берет. Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза тапкан жарандарынын сөөгүн мекенине алып келүүгө акча бөлбөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: