super.kg logo
  Саясат  

Кочкор айыл өкмөтүндөгү коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иши козголду

 
Кочкор  айыл өкмөтүндөгү коррупциялык схемалар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, аталган аймакта текшерүү жүрүп, натыйжада тендерди өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталган. “2011-жылы айыл өкмөт башчысы стоматологиялык поликлиниканын имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн смета түзгөн. 
Бул багытта Каржы министрлиги тарабынан 2 миллион сом бөлүнүп тендер жүргүзүлгөн. Утуп алган аткаруучу компания менен келишим түзүлгөндөн кийин Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы С.Э. тендердик комиссияны түзүү боюнча буйрукту өзгөртүп, кызматтарга карата протоколду оңдоп чыгууга тапшырма берген. 
Бул боюнча аткаруучу компания кабардар болгон эмес. Тендер боюнча жумуш башка ишканага берилгенде мамлекетке 1 миллион 130 миң өлчөмүндө зыян алып келген. 
Прокуратура тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “республиканын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик келишимди түзүү” жана “жасалма документтерди даярдоо” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: