super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-кытай чек арасында жок кылынган 11 кишинин сөөгү Бишкекке алынып келинди

 

23-январда кыргыз-кытай чек арасында жок кылынган 11 кишинин сөөгү кечээ Караколдон Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG  порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматчысы Сажира Чоколоева кабарлады.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери тарабынан керектүү экспертизалар, алардын ким экендигин аныктоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 23-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде 11 кишиден турган топ мергенчини өлтүрүп, бир чек арачыны жарадар кылган. Атайын операциянын жыйынтыгында алардын баары ошол жерден жок кылынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: