super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Жетимдерге ата-энесинин пенсиясы берилеби?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жетимдерге ата-энесинин пенсиясы берилеби? Канча жашка чейин жана канча пайызы? Эгер 18ге толуп, ЖОЖго тапшырса кандай болот?

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822-токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга жашаган (катталган) жерлери боюнча төмөндөгүдөй дайындалат:

- пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон томолой жетим балдарга 2000 сом өлчөмүндө;

-пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон багуучусунан ажыраган балдарга 1000 сом өлчөмүндө. Эгерде пенсияга укугу (эмгек стажы) бар болсо, анда Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-июлундагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” № 57-мыйзамына ылайык, Социалдык фонд тарабынан пенсия төлөнөт. Ал эми пенсия маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылууну сунуштайбыз. Дареги: Бишкек шаары, Радишев көчөсү, № 62.

Суроого Социалдык камсыз кылуу департаментинин башкы адиси Тургунбаева Мира Эсеновна жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: