super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков менен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Орусиядагы мигранттардын көйгөйүн талкуулады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 27-январда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону кабыл алды. 

А.Жээнбеков өлкөлөр ортосундагы бардык деңгээлдеги өз ара мамилелердин оң динамикасына көңүл бурду. Парламенттер аралык кызматташууга токтолгон төрага эки тараптуу форматта да, КМШ ПАА, ЕврАзЕШ ПАА жана ЖККУ ПА сыяктуу уюмдардын алкагында дагы парламенттер аралык байланыш өнүгүп жатканын айтты.

Крутько 2013-жылдын октябрь айындагы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкиндин Кыргызстанга болгон иш сапарын жогору деңгээлде өткөндүгүн билдирди. Кыргыз парламентинин жетекчилигинин чакыруусу менен жакында Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун Кыргызстанга расмий иш сапары пландаштырылып жатканын кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттарынын көйгөйү талкууланды. Тараптар бул маселени эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү эске алуу менен чечүү керек экенин айтышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: